Ооганстанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2200дөн ашты

Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2200дөн ашканын Al Arabia агенттиги өкмөттүн басма сөз катчысынын орун басары Хамдулла Фитратка шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, Кунардагы табигый кырсыктын кесепетинен 2205 адам каза болуп, 3640 адам жаракат алган. Буга чейин Хамдулла Фитрат курман болгондордун саны 1400 адам экенин, 3100ү жаракат алганын билдирген.

1-сентябрга караган түнү Ооганстандын борбору Кабулдан 200 чакырым алыстыкта ​​күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Ошондой эле күчү 4,5-5,2 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. Жер титирөөнүн очогу жайгашкан Кунар провинциясы олуттуу зыянга учураган.