Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып, кечээ, 21-мартта саат 22:47де Ооганстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдиришти.
Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясында, алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 20 турак-жай кыйрап калганын Aamaj News кабарлады.
Ал эми «Голос Народа» басылмасы 4 адамдын каза болгонун жазды. «Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында 21-мартта кечинде Ооганстанда катталган жер титирөөдөн кеминде эки адам набыт болду. Ооганстандын чыгышындагы Лагман провинциясында дагы эки адам каза болду», — деп айтылат маалыматта.












Can you be more specific about the content of your article? After reading it, I still have some doubts. Hope you can help me.