Ооганстанда күчү 6,3 жана 5 баллга жеткен эки жер титирөө болду (видео)

Бүгүн, 11-октябрда Ооганстандын батышында 6,3 жана 5 баллдык эки жер титирөө 11 мүнөттүн ичинде болгонун Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунан билдиришти.

Биринчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:11 чамасында 272 миң адам жашаган Герат шаарынан 31 чакырым түштүк-батыш тарапта болуп, очогу 10 чакырым тереңдикте болгон. 5 баллдык экинчи жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:22де башталып, эпицентри Гераттан 51 чакырым алыстыкта, ошол эле тереңдикте жайгашкан.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы 7-октябрда өлкөнүн батыш бөлүгүндө 6,3 баллдык жер титирөө болгонун билдирген. Кесепетинен 2 миңден ашуун адам каза болгон.