Ооганстанда мечиттеги жардыруудан 30дан ашуун киши набыт болду

«Ооганстандын Кундуз провинциясында мечитте болгон жардыруудан кеминде 33 киши каза болуп, 43ү жараат алды. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид билдирди»,- деп жазат DW.

Маалыматка караганда, жардыруу жума намаз учурунда болгон. Каза болгондордун баары жай тургундар экени маалымдалды. 

Мужахид өз билдирүүсүндө кыймыл бул кылмышты айыптарын айтып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Талибдердин өкүлү күнөөлүүлөр кармалып, жазалана турганын билдирди.