Ооганстанда мектепти жардырып жиберишип, 50дөн ашуун окуучу набыт болду

Ооганстанда мектепти жардырып жиберишип, 50дөн ашуун окуучу набыт болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Кечээ, 8-май күнү өлкөнүн борбору Кабул шаарында кыздар билим алган мектепте жардыруу болуп, 50дөн ашуун киши набыт болуп, 100дөн ашуун жаракат алган. Жардыргыч зат мектептин жанына коюлган унаада болгон. Ал эми жардыруунун өзү окуучулар сабактан үйгө чыгып бара жатканда ишке ашырылган. Бул окуя тууралуу «кыздардын мектебине кол салуу — бул Ооганстандын келечегине кол салуу» деп жазып жатышат.