Ооганстанда өлүмгө алып келген белгисиз оорунун очогу катталганы маалымдалды

Ооганстандын Забуль провинциясында белгисиз оорунун очогу байкалды. Бул тууралуу The Khaama агенттиги жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Абдул Хаким Хакимиге шилтеме берүү менен билдирди.

Хакиминин айтымында, бул илдетке чалдыккандардын саны 80ден ашты. Эки бала каза болгон. Оору облустун чыгышында жайгашкан Шахжой районунда аныкталган. Оорунун негизги белгилери — дене табынын көтөрүлүшү, мурундан жана ооздон кан агуу. Дарыгерлер инфекциянын так аныктамасын берүү дагы эле кыйын экенин билдиришүүдө.