Ооганстандын ар кайсы провинцияларында кечээ, 12-июнь күнү дээрлик бир убакта үч жардыруу болду, алардын экөөнүн бутасы өлкөдө бийликке келген радикалдык талиб кыймылынын тарапташтары болгон. Бул тууралуу Ооганстандын маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Кундуз провинциясында жол боюндагы минанын жарылуусунан кеминде төрт жай тургун жабыркаган. Бадахшан провинциясынын борбору Файзабад шаарында жардыруучу зат талибдер уюштурган полиция бекетинин жанында жардырылган. Кунар провинциясында радикал согушкерлерди ташыган унаа жардырылган.
Талибан дайындаган жергиликтүү бийлик акыркы эки окуя боюнча комментарий бере элек, курмандыктар жана жоготуулар тууралуу маалымат жок.