Ооганстандагы жер титирөө 250дөн ашуун адамдын өмүрүн алды (видео)

Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 255 адамга жетти. Бул тууралуу Al Jazeera жазды.

Ооганстандын табигый кырсыктарды башкаруу министри Мохаммад Насим Хаккани каза болгондордун көбү Пактика провинциясында болгонун, анда 100 адам өлүп, 250 адам жаракат алганын билдирди. Ошондой эле Хост жана Нангархар провинцияларында жергиликтүү тургундардын жапырт каза болгондугу тууралуу кабарлар бар.

Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору жер титирөөнү 30 чакырымм тереңдикте каттады, жер титирөөнүн очогу 100 миңге чейин адам жашаган Хост шаарынан 42 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан. Сейсмологдор жер титирөө 5,8 баллга жеткенин жарыялашты. Америка Кошмо Штаттарынын геологиялык кызматы зилзалага башкача баа беришип, 6,1 баллга жеткенин билдиришти.