Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2400 адамга жетти

Ооганстанда жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 2445 адамга жеткен, 2000ге жакын адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Жанан Саек билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы 7-октябрда өлкөнүн батыш бөлүгүндө 6,3 баллдык жер титирөө болгонун билдирген.