Ооганстандын жаш футболчусу учактан кулап көз жумду

Ооганстандын жаш футболчуларынын курама командасынын оюнчусу Заки Анвари учуп бара жаткан учактан кулап көз жумду. Бул маалыматты журналист Бабак Тагваее жарыялаган.

Ал эми «Лента.ру» жарыялаган маалымат боюнча, жаш футболчу Кабулдагы аэропорттон чыккан «C-17A» учагындагы шассиге жармашып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Анын денесинин бөлүктөрү учактын жолунан табылган.