Ооганстандын Кандагар провинциясында мечиттин жанында жардыруу болду. Каза болгондор бар

Ооганстандын Кандагар провинциясында шиит мечитинин жанында жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, 25 адам каза болгон. Жардырууну жанкечти уюштурган. 20 жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Азырынча кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Бир жума мурун Кундуз провинциясындагы шииттердин мечитинде болгон жардыруудан кеминде 120 киши каза болуп, 150 киши жаракат алган. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын баары мечиттин кызматкерлери болгон. Андан кийин «Ислам мамлекети — Вилаят Хорасан» террордук тобу жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.