Ооганстандын президенти 4 унаага акчаны жык толтура качканы айтылды

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Кабулдан качып баратып унааларга акча жүктөп кеткен, каражаттын бир бөлүгү аэропорттун учуу тилкесинде калган. Бул тууралуу РИА Новостиге Орусиянын элчилиги билдирди.

«Режимдин кыйрашы Ганинин Ооганстандан качканы менен мүнөздөлөт. Ал төрт унаага акчаны жык толтуруп кеткен. Каражаттын дагы башка бөлүгүн тик учакка салышкан, бирок баары батпай калган. Натыйжада акча аба майдандын учуучу тилкесинде калган», — деген дипломатиялык миссиянын маалымат катчысы Никита Ищенко.

Кечээ, 15-августта, Афганистанда бийлик алмашты. «Талибан»* кыймылы Кабулду басып алып, президент Ашраф Гани тактан кулап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Алгач Гани Кабулдан Тажикстанга учуп кеткени, ошол жактан үчүнчү өлкөгө сапар алары айтылган болчу. Бирок Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн.