«Оор болуп турган учурда жардам берди». Кытайда жигит «каза болгон» атасынан кат алган

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Кытайдын тургунунун окуясы кызуу талкуу жаратып жатат. Бул окуя кытайлык Weibo микроблог сервисинде 130 миллиондон ашык жолу каралган. Анда атасы өлгөндөн үч жылдан кийин андан жооп алганы баяндалат.

Өткөн аптада Кытайдын түндүк-батышындагы Сиань шаарында 22 жаштагы жигит үч жыл мурун каза болгон атасы мурда колдонгон уюлдук телефон номуруна СМС жөнөткөн. Көңүлү чөккөн жигит кыйын учурда акыл кеңешин бере ала турган жалгыз адамга кат жазган. «Мен аспирантурага тапшыруу сынагынан өтпөй калдым. Мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин. Ата, сизди абдан сагындым. Түшүмө кириңизчи. Мен сизди көргүм келет», — деп жазган ал.

Бир нече сааттан кийин атасынын эски уюлдук номеринен билдирүү келгенде, ал чындап нес болгон. «Кабатыр болбо! Сен да бир күнү ийгилик жаратып, мыкты болосуң. Көңүлүңдү көтөр дагы, алдыга кадам ташта. Мен баламдын эң сонун адам экенине ишенем. Мен да сени да сагындым”, — деп жазылган атасынын номурунан келген катта. 

Гао — бул телефондун ээсинин аты. Ал СМС келгенде, бирөө ага туура эмес жазып алганбы деп ойлогон. Бирок кийин СМС жазган жигиттин атасы каза болгонун түшүнүп, анын көңүлүн көтөрүүнү чечкен. Бир аз ойлонуп, Гао ага уулун жакшы көргөн ар бир ата анын ордуна кандай жооп берсе, ошондой жооп берген. Экзаменден өтпөй калган студент адегенде таң калган, бирок кийин телефон компаниясы бош номерди жаңы абонентке өткөрүп бергенин түшүнгөн. Анан жигит өз божомолун тактоо жана көйгөйүнө кайдыгер карабаган адамга ыраазычылык билдирүү үчүн дагы бир СМС жазган. Анда «Атамдан келген билдирүүнү көрүп, ыйлап жибердим. Рахмат» деп жазылган.