«Оору азыраак болсун деп тиленебиз». Индиялыктар коронавирустун Кудайына сыйына башташты

Индиянын түштүгүндө жашаган тургундар коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу «коронавирус кудайына» сыйынып башташты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Калкынын саны 1,5 миллиондон ашуун адамды түзгөн Коимбатор шаарында «таажы Деви» же «коронавирус Кудайы» храмы пайда болду. Жергиликтүү дин кызматкерлери күн сайын жаңы Кудайга сыйынып, пандемиянын токтотушун суранышууда. «Коронавирус оорусунун токтобой, жайылып жаткандандыгына байланыштуу, биз вирустун Кудайына сыйынабыз жана андан күн сайын оору азыраак болуп, жайылып кетпесин деп тиленебиз», — дешти ибадатканадагы тургундар. 

Индияда коронавирустук абал өтө курч абалда турат. Өлкөдө күнүнө 350 миңден ашуун жарандан илдет аныкталып жатса, каза болгондордун саны 300 миңден ашты.