Бразилияда акыркы суткада 80 миңге жакын адам коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада өлкө боюнча 79 876 адам оору жугузуп алган. Муну менен пандемия башталгандан бери Бразилияда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 11,2 миллион адамга жеткен.
Ошондой эле Бразилияда акыркы суткада пандемия башталгандан берки эң көп адам өлүмү катталып, бир күндө эле 2 286 бейтап каза тапкан. Муну менен өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 270 656 адамга жетти.