Кытайдын түндүгүндө «адам метапневмовирусу» менен кайрылгандардын көбөйүшү кооптонууну жаратып жатат. Социалдык тармактарда Кытайдын ооруканаларында жыкжыйма беткапчан адамдардын сүрөттөрү жана видеолору пайда болду.
Өзгөчө балдар арасында күчөгөн вирус бат жайылууда. Ал иммунитети начар адамдарда, улгайгандарда жана өнөкөт оорулары барларда олуттуу ооруларга алып келиши мүмкүн.
Пекиндин администрациясы бул өсүштү сезондук деп эсептеп, жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдары чукул чараларды көрүштү. Коомчулукка жеке гигиенаны сактоо жана эл көп чогулган жерлерден алыс болуу эскертилди. Кытайда тез жайылып жаткан себептеринин бири кыш айларынын таасири деп айтылып жатат.
«Адам метапневмовирусу» алгач 2001-жылы чыккан адамдын метапневмовирусу — респиратордук инфекция. Ал тамчылар аркылуу жугат (шилекей) жана суук тийүү, жөтөл, мурундун агышы сыяктуу белгилер менен коштолот. Вирустун атайын дарылоосу же вакцинасы жок. Симптомдорду жеңилдетүү ооруну дарылоонун алдыңкы орунда турат.
Гонконгдо бир нече учурлар катталган. Камбоджа жана Тайвань сыяктуу коңшу өлкөлөр кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп турушат.