Оозу эки бетин ээлейт. Австралияда өзгөчө кыз жашайт

Түштүк Австралияда чанда кезиккен ооруга чалдыккан кыз төрөлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Айла Саммер Муча 2021-жылы эки тараптуу макростомия (оозунун ашыкча чоң болуусу) оорусу менен төрөлгөн. Анын кесепетинен оозунун эки тарабы, беттери да жабыркап, тамактанууда кыйынчылык туудуруп келет. Чанда кезиккен ооруга кабылган Айла бир көргөн адамга ар дайым жылмайып тургандай сезилет.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө 14 адамда гана эки тараптуу макростомия аныкталган. Аларга чоңойгондо ооз көңдөйүнүн иштешин камсыз кылуу үчүн атайын операция жасалат.