Оозуңуз Ошту карашы мүмкүн! Африканын бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси баарын чаңда калтырат

Соцтармакта Угандадагы элиталык мектептин бүтүрүүчүлөрүн кечеси кызуу талкууга алынып жатат. Тараган видеолор албетте, таң калтырбай койбойт. Бүтүрүүчүлөр кечеге тик учак менен келип конушуп, айрымдары жүз миңдеген долларды чапчыган бриллиант асем буюмдарын тагынып, өтө кымбат бренд кийимдерди кийип келишкен.

NTV Uganda тик учактын ижара акысы эле 1200 доллар турарын маалымдаса, Pulse Uganda басылмасы аталган өлкөнүн билим берүү министрлиги жогорудагы окуяны сынга алып, мамлекетте ресурстар тартыш болуп турган учурда кечени мындай ашкере чачылып өтүүсү жосунсуз жорук экенин билдирген.