Оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков Орусиядан чыгып кетти

Орусияда кылмыш иши козголгон оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков өлкөдөн чыгып кетти. Ал учурда Украинанын борбору Киевде экенин Телеграмм каналына жарыялады. Гудковдун айтымында, орус президентинин тегерегиндеги ишенимдүү адамдар өлкөдөн чыгып кетпесе, камакка алынарын эскертишкен.

«Эгер өлкөдө калсам, мени кандай болбосун камакка алууну чечүүгө тапшыра беришиптир», — деп жазды саясатчы. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишин ойдон чыгарылган деп атап, Мамлекеттик Думанын шайлоосуна катыштырбоо үчүн жасалып жатканын билдирди.

Өткөн жумада Гудков өзүнө жана жакындарына таандык 10дон ашык имаратта тинтүүдөн соң кармалган. Ал «ишенимге кирүү менен өтө чоң материалдык зыян келтирүү» деген берене боюнча шектелип жаткан. Бул ишке байланыштуу Гудковдун таежеси Ирина Ермиловага да айып коюлганы белгилүү болгон. Кийинчерээк сот Дмитрий Гудковдун бөгөт чарасын карап, эркиндикке чыгарган. Өткөн аптада 41 жаштагы саясатчынын атасы, мурдагы депутат Геннадий Гудковго курал-жарак жана ок-дарыны мыйзамсыз сактаган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Ал учурда Болгарияда жашайт. Ата-бала Гудковдор учурдагы орус бийлигине каршы оппозициячыл маанайдагы саясатчылар катары белгилүү.