Оппозициялык саясатчы Алексей Навальный Москвага учуп келери менен кармалды

Кечээ, 17-январда оппозициялык маанайдагы саясатчы Алексей Навальный Москва шаарындагы «Шереметьево» аэропортуна Берлинден учуп келип конору менен Орусиянын чек арасына өтө элек жеринен кармалды. Ал Германияда “Новичок” уусу менен уулангандан бери дарыланып жүргөн.

Орусиянын укук коргоо органдарынан Навальныйдын 2020-жылдын 29-декабрынан бери жаза мөөнөтүн көп жолу бузгандыгы үчүн издөөдө жүргөнүн маалым кылышты. Оппозиционер кармалар алдында коркпой турганын билдирген. “Орусияга кайтуу же кайтпоо менин тандоом болду деп айта албайм. Алар чоң шаардын авиациялык коопсуздугун коркунучка кептеди. Мен учуп келдим жана учуп келгениме бактылуумун. Акыркы беш ай ичиндеги эң жакшы күнүм болду. Бул жер менин үйүм. Мага каршы козголгон кылмыш иштери атайын жасалган деп билем”, — деди Навальный.

Аны аэропортко тосуп алууга келген 50дөн ашуун тарапташын да полиция кызматкерлери кармап кетишкен.