«Орел и решка» Кыргызстанда тартылган берүүнүн анонсун жарыялады (видео)

Популярдуу «Орел и решка» жер кезген берүүсүнүн тартуу тобу Инстаграм баракчасына Кыргызстанда тартылган берүүнүн анонсун жарыялады. Тизерден боз үйдөгү жашоону көрүүгө болот. Алып баруучулар кыргыздын улуттук кийимдерин кийип, ат минип, жергиликтүү сулуулукту көрүшкөн.

4-июлда популярдуу «Орел и решка» туристтик шоу берүүсү Кыргызстанга келип, тартуу иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк берүү обого сентябрь айында чыгары маалым болгон.