«Орел и решка» Кыргызстанда тартылган берүүнүн биринчи бөлүгүн көрсөттү

«Орел и решка» трэвел-шоу берүүсү Кыргызстанда тартылган долбоордун биринчи бөлүгүн көрсөттү. Ал «Кыргызстандын түштүк аймагы — асылдыктын бешиги» деп аталат.

«Анда көрүүчүлөр өлкөнүн түштүк аймагынын маданияты, эли жана кызыктуу салттары менен тааныша алат. Асман тиреген аска-зоолор, жайыттарда оттогон жылкылар, меймандос эл жана кооз жаратылыш», — деп жазылат көрсөтүү тууралуу.

4-июлда популярдуу «Орел и решка» туристтик шоу берүүсү Кыргызстанга келип, тартуу иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк берүү обого сентябрь айында чыгары маалым болгон.