Оренбургда кыргыз суусундугу болгон 230 килограмм кымыз төгүлдү

Оренбург облусундагы «Сагарчин» өткөрүү пунктунда Кыргызстандын кымызы кармалгандыгын «Московский комсомолец» басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, жүктүн ээлери сүт азыктарын эки жолу мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. 3-июнда Россельхознадзордун адистери бажы кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек аранын орус-казак тилкесинде товарларга ветеринардык текшерүү жүргүзүштү. Маалыматта 230 килограмм кымыз ветеринардык сертификаты жок ташылып жаткандыгы жана кымызды өткөрүүнүн оңой жолун таап алышкандыгы айтылат.

Кармалган ачытылган сүт азыктары жок кылынып, кымызды алып өтүүгө аракет жасаган адамдар административдик жоопкерчиликке тартылышкан.