Организмдеги спирт ичимдигин өлчөөчү наушник ойлоп табылды

Токио медициналык университетинин адистери кандагы спирт ичимдигин өлчөп туруучу наушник ойлоп табышты. Бул тууралуу «Scientific Reports» басылмасы жазды.

Аппарат кулак териси бөлүп чыгарган этанол бууларынан маалымат чогултууга жөндөмдүү. Ал камерадан жана биохимиялык сенсордон турат. Денеде спирт ичимдигинин издери табылганда, жарык индикатору күйөт, анын жаркыроосу спирттин концентрациясын көрсөтөт. Окумуштуулардын айтымында, маалыматты чогултуунун мындай ыкмасы адамдын деминдеги спирт ичимдигинин концентрациясын өлчөөгө караганда ишенимдүү. Ошондой эле наушникти башка ооруларды аныктоодо да колдонсо болот.