Орус бийлиги Навальныйды колдоп митингге чыккандарды камакка алууда

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары аны коргоо максатындагы митингдер 23-январда Орусиянын 93 шаарында өтөрүн жарыялашкан эле. Бүгүн бүткүл Орусия аймагында Навальныйга боштондукту талап кылган митингдер өтүүдө.

Уюштуруучулар бул күнү саат 14:00до өз шаарларынын борбордук аянтына чыгууну сунуш кылышкан. Каршылык акциялары Орусиянын Ырааккы Чыгыш жана Сибирь аймактарында старт алды. Ошондой эле колдоо көрсөтүү максатындагы акциялар дүйнөнүн Лос-Анжелес, Париж, Берлин, Мадрид, Варшава, Тель-Авив, Вашингтон, Нью-Йорк, Рим өңдүү ири шаарларында дагы өтөрү маалымдалган. Орусиянын аймагында өтүп жаткан митингдерде нааразычылык билдирип чыккан жарандар «Биз — бийликпиз!», «Кеткиле!» деген талаптарды кыйкырып, Виктор Цойдун «Перемен» аттуу ырын ырдашууда.

Москва шаарынын башчысы Собянин коронавирус пандемиясына таяп мындай митингдерди өткөрүү «жол берилгис» деп айткан.

Орусиянын Владивосток өңдүү шаарларында алгачкы кармоолор башталып, ОМОН менен митингчилер ортосунда айыгышкан кагылыштар орун алды. Медуза басылмасынын билдиришинче учурда кармалгандардын саны жүздөн ашуун. Бул иштер уланууда.

Бишкектеги Орусия элчилигинин алдына «Навальныйга боштондук!» деген плакатты көтөрүп бир жаран пикетке чыкты.