Орус окумуштуулары омикрон штаммды аныктоо үчүн тест-система иштеп чыгышты

Орус окумуштуулары омикрон штаммды аныктоо үчүн тест-система иштеп чыгышты. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Фундаменталдык медицина институтунун, Киров атындагы Аскердик-медициналык академиясынын жана «Заманбап лабораториялык технологиялар» биотехнологиялык компаниясынын адистери бир эле учурда генетикалык материалдын бар экенин аныктоочу тесттик системаны иштеп чыгышты. Ал SARS-CoV-2 коронавирусунун омикрон вариантына таандык экендигин аныктайт.

Тест системасы эпидемияга каршы коопсуздукту камсыздоо үчүн колдонулат деп болжолдонууда. Талдоо үчүн материал мурундан жана ооздон алынган тампон болуп саналат. Сыноо салттуу ПЦ-диагностикасы сыяктуу эле убакытты талап кылат. Тест системасынын жаратуучулары жакынкы аралыкта медициналык буюмга каттоо күбөлүгүн ала алышат деп үмүттөнүшөт.