Орус оппозиционери Алексей Навальныйдын каза болгону боюнча Путиндин маалымат катчысы комментарий берди (видео)

Орус оппозиционери Алексей Навальныйдын түрмөдө каза болгону боюнча Орусиянын президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берди.

Анын айтымында, медиктер аныктоо жүргүзүшү керек.

Навальный Ямало-Ненецк автономиялуу округундагы № 3 түзөтүү колониясында каза болгонСаясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 14-февралда Навальный абакта отурган учурда 27-жолу жаза камерасына киргизилгенин билдирген. Алексей Навальный 47 жашта болчу.