Орусиялык абактагы оппозиционер Алексей Навальный каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматына таянуу менен ЖМКлар жазышты.
Маалыматтарга караганда, ал Ямало-Ненецк автономиялуу округундагы № 3 түзөтүү колониясында каза болгон. «Сейилдөөдөн кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготту», — деп айтылат маалыматта.
Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 14-февралда Навальный абакта отурган учурда 27-жолу жаза камерасына киргизилгенин билдирген. Алексей Навальный 47 жашта болчу.