Орус оппозиционери Алексей Навальный түрмөдө каза болду

Орусиялык абактагы оппозиционер Алексей Навальный каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматына таянуу менен ЖМКлар жазышты.

Маалыматтарга караганда, ал Ямало-Ненецк автономиялуу округундагы № 3 түзөтүү колониясында каза болгон. «Сейилдөөдөн кийин өзүн начар сезип,  дароо эсин жоготту», — деп айтылат маалыматта. 

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 14-февралда Навальный абакта отурган учурда 27-жолу жаза камерасына киргизилгенин билдирген. Алексей Навальный 47 жашта болчу.