Орус телеканалдарынын Google’га койгон доосу 1,8 дуодециллион рублга жетти

YouTube каналдарынын жабылышынан улам орусиялык телеканалдардын Google компаниясына койгон доосунун суммасы 1,8 дуодециллион рублга жетти. Дуодецеллиондо 1ден кийин 39 нөл бар. Бул тууралуу РБК жазды.

2024-жылдын ноябрына карата айыптын суммасы эки дециллион рублга жеткен (бул 36 нөлү бар сан) болчу. Бул Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 2023-жылга карата дүйнөнүн ички дүң продукциясынан көп. Анткени ИДП болжол менен 105 триллион долларды түзгөн.