Орус ырчысы жана композитору Александр Градский көз жумду

Орус ырчысы жана композитору Александр Градский 73 жашында каза болду. ЖМКлар анын бүгүн, 28-ноябрда каза болгонун жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, инсультка шектелип ооруканага жаткырылган Александр Градскийдин абалы оор болчу. Ырчы 26-ноябрда Москвадагы ооруканага жеткирилген. 

Александр Градский — орус жана советтик ырчы, популярдуу ырлардын автору жана композитор. Ал 1997-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Эки жылдан кийин ал Орусия Федерациясынын Эл артисти болгон. Акыркы жылдары Градский «Голос» телеберүүсүндө насаатчы болгон.