Орусия 471 украин аскери кармалганын билдирди

Орусиянын Коргоо министрлигинен украин аскерлеринин 302-зениттик-ракеталык полку өз ыктыяры менен куралын таштаганын, 471 украин аскери кармалганын билдиришти. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бир күн мурун украиналык “Азов” батальонунун аскер кызматкерлери Мариуполь шаарынын четиндеги конуштарга жана анда жайгашкан мектепке “Град” ракеталарын учурушкан. Өткөн суткада Орусиянын куралдуу күчтөрү Херсон менен Бердянск шаарларын блокадага алып, Геническ жана Херсонго жакын Чернобаевка аэродромдору көзөмөлгө алынды.