Орусия Беларуска 1 миллиард доллар насыянын экинчи бөлүгүн берет

Орусия Беларуска 1 миллиард доллар насыянын экинчи бөлүгүн берет. Мындай чечим эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

28-май күнү Беларустун президенти Александр Лукашенко Сочиге барган. Анын сапарынын биринчи күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен расмий жолугушууга, ал эми экинчи күнү бейрасмий сүйлөшүүгө арналган. Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, экөө Ryanair авиакомпаниясынын учагынын Минскте чукул кондурулганы, Беларуска орусиялык насыянын экинчи бөлүгүн, тагыраагы 500 миллион долларды берүүнү жана башка маселелерди талкуулашкан.

Лукашенко менен Путиндин бул жолку жолугушуусу 2021-жылдын башынан бери үчүнчүсү. Биринчиси февраль айында Сочиде, экинчиси апрель айында Москвада өткөн.