Орусия дагы беш өлкөнү дос эмес деп жарыялады

Орусиянын өкмөтү дос эмес мамлекеттердин тизмесин кеңейтти. Ага Греция, Дания, Словения, Хорватия жана Словакия кирет. Словения менен Хорватияга Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кызматкерлерди алууга тыюу салынды.

Өкмөттүн токтому президенттин 23-апрелдеги «дос эмес мамлекеттерге таасир көрсөтүү чаралары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Жарлыкта Орусиянын аймагында жайгашкан адамдардын арасынан элчиликтерде, консулдуктарда жана өкүлчүлүктүү мамлекеттик органдарда иштөө үчүн достошпогон мамлекеттердин кызматкерлерин жалдоого толук тыюу салууга чейин чектөө каралган.