Владимир Путин өздөрүн «Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы» деп жарыялаган аймактарды Орусия көз карандысыз деп тааный турганын билдирди.
Кечээ, 21-февралда Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Ал аяктаган соң, өлкө башчысы жогорудагыдай чечимди жарыялады.
Орусия элине 55 мүнөттүк кайрылуусунда Путин бул чечиминин себептерин түшүндүрүп, орус парламентинин эки палатасына тең колдоо көрсөтүүнү суранды. Президент ошондой эле Украин бийлигинен Донбасста согуштук аракеттерди токтотууну талап кылып, Орусиянын жарандары болуп жаткан окуяларды колдоого ишенерин билдирди.











