Орусия эмне үчүн «Донецк элдик республикасы» менен «Луганск элдик республикасынын» көз карандысыздыгын тааныды?

Орусия эмне үчүн «Донецк элдик республикасы» менен «Луганск элдик республикасынын» көз карандысыздыгын тааныды? Путин орусиялыктарга болгон кайрылуусунда түшүндүрдү.

«Украина тышкы башкаруу аркылуу Орусия менен согуштук аракеттерге даярданууда, Крымды күчтөп кайтарууну каалап жатат. Батыштан курал-жарак тынбай келип жатат, НАТОнун борборлору бүт Украинада ачылды. Орусия үчүн согуштук коркунучтун деңгээли жогорулоодо, Москвага ракеталар 4-5 мүнөттө учуп келет. НАТОнун максаты Орусиянын өнүгүүсүн токтотуу. Киев Донбасстын тынчтыгына кызыкдар эмес. Дээрлик 4 миллиондой киши тукум курут болууга кептелгени турат. Ошондуктан мен «Донецк элдик республикасы» менен «Луганск элдик республикасынын» көз карандысыздыгын жана суверендүүлүгүн таанууну чечтим. Мени Орусиянын жарандары жана өлкөнүн бардык мекенчил күчтөрү колдойт деп ишенем», — деди Путин.