Орусия Facebook менен Twitter социалдык түйүнүн жапты

4-мартта Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси Орусияда Twitter жана Facebook социалдык тармактарын жаап салды.

Роскомнадзордун айтымында, 2020-жылдын октябрынан бери Фейсбук тарабынан орусиялык ЖМКларды жана маалымат ресурстарын дискриминациялоо боюнча 26 факты катталган. Мурдараак Facebook түйүнү Коргоо министрлигине таандык «Звезда» телеканалынын, “РИА Новости” агенттигинин, Sputnik сайтынын, RT каналынын жана «Лента.ру», «Газета.ру» сайттарынын аккаунттарына чектөө салган. Буга байланыштуу 25-февралдан тартып түйүндөр жакшы ачылбай жаткан.