Орусия гречканы экспорттоого тыюу салды

Бүгүн, 5-июнда Орусияда гречканы сыртка чыгарууга тыюу салуу күчүнө кирди. Бул чектөөлөр Орусия өкмөтүнүн чечими менен 31-августка чейин киргизилгенин аталган өлкөнүн ЖМКлары жазышты. Мындай чара аталган мамлекетте азык-түлүктүн коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кытай, Латвия жана Украина орусиялык гречканын негизги импортёрлору. Ошентип, 2020-жылдын июлунан 2021-жылдын апрелине чейин бул түшүмдүн 26,228 миң тоннасы Кытайга, 14,339 миң тоннасы Латвияга, 13,189 миң тоннасы Украинага жеткирилген. Ошондой эле, алдыңкы 5 импортёрдун катарына Литва (9,812 миң тонна) жана Япония (8,536 миң тонна) кирет.

Орусияда гречканы экспорттоо токтотулса, бул Кыргызстандагы баага да кедергисин тийгизиши ыктымал.