Орусия Киевге берилчү кредит боюнча «жетиликти» уурулукка айыптады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Киевге Орусиянын тоңдурулган активдеринен кредит берүүсүн «уурулук» деп атап, билдирүү таратты.

«Жетилик» башка өлкөнүн каражатын уурдап жатат. Эки жүздүүлүк жана кош стандарт менен коштолгон, эч нерсеге арзыбаган айла-амалдар жоопсуз калат. Орусия бул учурда аймактарында өнөр жай дараметин жогорулатуу жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонула турган өзүнүн юрисдикциясындагы Батыш активдерин колдонууга жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө жана рычагдарга ээ», — деп айтылат билдирүүдө.

Кошмо штаттардын финансы министри Жанет Йеллен G7 өлкөлөрүнүн Украинага 20 миллиард доллар кредит берүү демилгесин Дональд Трамп бийликке келгенден кийин да колдоо көрсөтө берерине үмүт артаарын билдирди.

G7 өлкөлөрү Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Япония жана АКШ өз аймагында тоңдурулган Орусиянын активдеринен Украинага 20 миллард доллар кредит берерин жарыялашкан.