Орусия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты

Орусия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Бразилиядан ашып өтүп, дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Биринчи сапта АКШ турат. Бул тууралуу орусиялык бийликтин расмий маалыматына таянуу менен басылмалар жазып чыгышты.

«Росстат ноябрь айында коронавирустан 87 миң 527 киши каза болгонун маалымдаган. Мындай көрсөткүч өз учурунда пандемия башталгандан тарта ноябрды Орусияда эң көп өлүм катталган айга айланткан. Оорудан жалпы көз жумгандардын саны 658 миң кишиден ашты. Муну менен Орусия 618 миңден көп адам каза болгон Бразилиядан ашып өттү», — деп жазылат басылмада.

АКШда илдеттен набыт болгондордун саны 825 миң кишиден ашкан, бирок аталган өлкөнүн калкынын саны Орусияга караганда эки эсеге көп.