Орусия менен Украина согуш туткундарын алмашты

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Орусиянын Коргоо министрлиги 7-мартта Украина менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында орусиялык 90 аскер кызматкери кайтарылганын билдирди. Украинанын президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак 130 украин аскери кайтып келгенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги туткунда орус аскерлери өлүм коркунучунда болгонун белгилейт. «Украиналык туткундан бошотулгандардын бардыгына керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Туткундан бошотулган орусиялык аскер кызматкерлери Москва облусунун медициналык мекемелеринде дарылануу жана реабилитациялоо үчүн Москвага жеткирилет», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.