Орусия менен Украинанын биринчи сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учураганы жатат

Орусия менен Украинанын биринчи сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учураганы жатат. Москва украиндерди бүгүн Минксте сүйлөшүүгө келүүсүн күтүп жатканын билдирген. Украинанын президенти Беларуста сүйлөшүү баштоо сунушунан кабары бар экенин, бирок Беларус тараптан согуштук аракеттер болбогон жагдайда сүйлөшүүгө макул болмоктугун билдирди.

«Украина Минскте сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартат. Бирок Киев тынчтыкты жана Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүүнү каалайт», — деди Владимир Зеленский. Ал Минсктен башка бардык шаарга макул экендигин да айтты.