Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү башталды

Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу ТАСС жазды.

«Сүйлөшүүлөрдүн негизги маселеси ок атышууну токтоосуз токтотуу жана Украинанын аймагынан аскерлерди чыгарып кетүү», — деп айтылат билдирүүдө. 

Орусия менен сүйлөшүүлөрдө Киевдин делегациясынын курамында коргоо министри Алексей Резников жана Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк бар.