Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнүн үчүнчү раунду күтүлгөндү актаган жок

Кечээ, 7-мартта Беларуста болуп өткөн Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнүн үчүнчү раунду күтүлгөндү актаган жок. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Сүйлөшүү үч сааттай созулуп, анда олуттуу жыйынтыкка жетүү мүмкүн болгон эмес. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Украина президенти Володимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк гуманитардык коридорлордун маселесинде позитивдүү жылыштар бар экенин билдирген. Анын айтымында, ок атышуну токтотуу, коопсуздук кепилдиги сыяктуу маанилүү маселелер боюнча консультациялар уланат. Орусия делегациясынын башчысы Владимир Мединский да гуманитардык коридорлор маселесин узакка талкуулашканын маалымдаган. «8-марттан тартып коридорлор иштеп баштайт деп үмүт кылабыз. Орусиялык делегация сүйлөшүүгө документтердин долбоорлорун ала келген, бирок аларга кол коюлган жок. Тилекке каршы, сүйлөшүүдөн биздин күткөнүбүз акталган жок. Ага карабай процесс уланат», — деди Мединский.