Орусия менен Украинанын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу аяктады. Эмнени сүйлөшүштү?

Бүгүн, 10-мартта Антальяда Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Дмитрий Кулебанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

«Башка өлкөлөргө кол салууну пландабай элебиз, биз Украинага да кол салган жокпуз. Ал эми украиналык тараптын «Донецк элдик республикасы» менен «Луганск элдик республикасына» кол салуусу тыкыр ушул айга пландалып келген», — деди Лавров.

Кулеба бул жолугушууга эки тапшырма менен, тагыраагы Мариуполдон гуманитардык коридорду уюштуруу жана 24 сааттык элдешүү үчүн келгенин айтты. Ал ошондой эле Орусиянын талаптарын Киев аткарууга ниети жоктугун билдирди. «Ок атышууну токтотууну Орусия Путиндин Украинанын дарегине карата талаптын аткарылышы менен байланыштырып жатат. Украина жеңилип бербейт жана жеңилбейт. Биз дипломатияга даярбыз, дипломатиялык чечим издеп жатабыз. Бирок ал азырынча жок. Биз жан аябастан, өзүбүздүн курман кылуу менен элди орусиялык агрессиядан коргойбуз. Бүгүнкү формат уланат деп үмүт кылам», — деди Кулеба.