Орусия шекер менен өсүмдүк майынын баасын бир калыпта кармоону узартты

Орусиянын өкмөтү шекер менен өсүмдүк майынын баасын бир калыпта кармоону узартты, эми баалар май айынын аягына чейин чектелиши мүмкүн. Бул маселе 22-марттагы өкмөттүн кеңешмесинде көтөрүлдү.

Социалдык жактан маанилүү азык-түлүккө туруктуу бааны белгилөө чечими былтыр декабрь айында кабыл алынган, быйыл 1-апрелде күчүн жоготмок. Өндүрүүчүлөр, соода түйүндөрү, Орусиянын Айыл чарба министрлиги, Өнөр-жай жана соода министрлиги кол койгон келишимге ылайык, күн карама майынын бир литринин чекене баасы 110 рублден ашпаш керек, ал эми шекердын баасы 46 рублдан ашпоосу шарт.

Өкмөт өндүрүүчүлөрдүн чыгымын субсидия менен жаап берүүнү убадалоодо. Бирок эксперттер шекер менен майдын баасы канчалык көпкө кармалып турса, чектөө алынгандан кийин баалар кескин көтөрүлүп кетерин божомолдошууда.