Орусия Түндүк Кореядан санкциялардын саны боюнча озуп өттү

Орусия ага каршы киргизилген санкциялардын саны боюнча дүйнөлүк лидерге айланды. 22-февралга чейин 2752 объект санкцияда болсо, азыр алардын саны 5530га жетти. Рейтингде Орусия Иран, Сирия жана Түндүк Кореядан ашып өттү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Орусияга каршы эң көп Швейцария (568) санкция салган. Андан кийин Европалык союзга кирген өлкөлөр (518), Канада (454), Австралия (413), АКШ (243) турат.