Орусияда 1 жаштагы баланы бычактап салган делип 36 жаштагы киши кармалды

Укук коргоо кызматкерлери бир жаштагы баланы өлтүрдү деп шектелген Бурятия Республикасынын 36 жаштагы тургунун кармашты. Ал кичинкей баланын таенесини менен чогуу жашаган киши. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 14-июлда Ильинка айылынын тургуну уулун таенесине алып барып, аны кароону өтүнгөн. Кечинде энеси кайтып келип, баласын тойгузуп, таенеси жана аны менен чогуу жашаган кишинин мас болуп калганын байкаган. Ошого карабастан, уулун таштап, кетип калган. Бир жарым сааттан кийин таенеси тарабынан баланын каза болгону укук коргоо органдарына кабарлаган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, белгисиз себептерден улам бир нече күндөн бери спирт ичимдигин ичип келген мас киши, бычак алып, жаш баланы өлтүрүп салган. Шектүүнүн кийиминен жана тырмактын астынан кан табылган. Анын үлгүлөрү геномдук изилдөө үчүн берилген.