16-апрелде Иркутск облусунда пландуу текшерүү учурунда дарыгерлер 11 жаштагы баланын көкүрөгүнөн ок табышкан. Маалыматка караганда, аны атасы үч ай мурун травматикалык тапанча менен аткан. Бул тууралуу REN TV билдирди.
«Январь айында мас абалындагы жаран баласын көздөй кокусунан ок чыгарган»,- деп жазды телеканал.
Атасы баладан болгон окуяны эч кимге айтпай турууну суранган. Бирок бир канча убакыт өткөндөн кийин баланын омурткасы ооруй баштаган. Апасы аны ооруканага алып барганда, дарыгерлер окту табышкан. Укук коргоо кызматкерлери окуя боюнча териштирүү иштерин баштады.