Орусиянын Ульянов районуна караштуу Октябрьский айылында 12 жаштагы мектеп окуучусу 1-сентябрда салтанаттуу линейкада каза болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз ысыктан өзүн жаман сезип баштаган.
Чердаклинский райондук администрациясынын маалыматы боюнча, кыз Москва убактысы боюнча саат 9:30 чамасында эсин жоготкон. Медайым биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылган, бирок анын аракетинен майнап чыккан эмес.
Окуучу мугалимдердин бирине таандык унаа менен райондук ооруканага тез арада жеткирилген, бирок дарыгерлер жардам бере алган эмес. Белгилүү болгондой, кыздын тубаса жүрөк кемтиги болгон. Өлүмдүн так себеби экспертизадан кийин аныкталат.